Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-6
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айылынын тургуну Р. Мамбетказиевдин «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунда жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу боюнча кайрылуусун кароо жөнүндө
Ат-Башы айылынын тургуну Р.Мамбетказиевдин атасы маркум Мамбетказиев Макелендин атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу» Жобонун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Улуу Ата Мекендик согушунун ардагери маркум Мамбетказиев Макелендин атын Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрөгө» ыйгаруу сунушу колдоого алынсын;
- Ат-Башы районундагы «Бишкек-Нарын-Торугарт» автожолунун 405 чакырымында жайгашкан «Кызыл көпүрө» Ат-Башы айыл өкмөтүнүн карамагында болбогондуктан, кайрылуу ээсине тиешелүү айыл өкмөттөргө сунуштоо жагы түшүндүрүлсүн.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 71