Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2016-жылдын 10-июнундагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28-8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-5
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2016-жылдын
10-июнундагы кезектеги XXVIII сессиясынын №28-8 токтомуна
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адистери Т. Аралбаев, Б. Жунусалиев жана Н. Карыбековдордун кайрылуусундагы Архитектура башкармалыгынын 17.12.2020-жылдагы №420 сандуу сунушунун негизинде 1993-жылдагы шифр 48-04/93 саны менен бекиген КНИИП тарабынан даярдалган “Улан” жаңы конушунун башкы планына ылайык 2,6 га жер аянтынын рельефи түз эмес болгондугуна байланыштуу курулуш курууда жана жашоочуларга ыңгайсыздыктарды жаратпоо максатында 1000 чарчы метрден айыл тургундарына берүү зарыл экендигин талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 2016-жылдын 10-июнундагы XXVIII сессиясынын №28-8 токтомуна 1.1. пункту менен толуктоо киргизилсин жанатөмөндөгүдөй баяндалсын:
- 1 “Ат-Башы айылынын “Улан” жаңы конушунда жайгашкан терассалык (жантайма) 2,6 га жер аянты 1000 чарчы метрден 21 (жыйырма бир) участокко бөлүнүп, турак жай салуу максатында айыл тургундарына берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 70