Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2021-жылдын 29-январындагы кезектеги VII сессиясынын №7-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-4
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
2021-жылдын 29-январындагы кезектеги VII сессиясынын №7-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адистери Т. Аралбаев, Б. Жунусалиев жана Н. Карыбековдун жазган каршы пикиринин негизинде жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун 3-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги 2021-жылдын 29-январындагы VII сессиясынын №7-5 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилип, “5 (беш) жылдык мөөнөткө” деген сөздөр алынып, “мыйзамга ылайык” деген сөздөр менен толукталсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 69