Жакыр үй-бүлөлөргө көмүр берилди
Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ат-Башы айыл аймагында жашаган жакыр адамдарды көмүр менен камсыз кылууга 240 000 сом акча каражаты каралган. Айылдын жакыр жашаган адамдарын тактап, ар бир үй-бүлөгө 1 тоннадан жалпысы 80 тонна көмүр таратылып берилди. Ошондой эле алдыда дагы соц.пакет катары 60 тонна көмүр тартылып келинет, жакынкы арада муктаж үй-бүлөлөргө дагы таратылат.