Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-3
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна
өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адистери Т. Аралбаев, Б. Жунусалиев жана Н. Карыбековдун жазган каршы пикиринин негизинде жана Кыргыз Республикасыныны +кмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизилип, токтомдун 1-пунктунун “7 (жети) жылга аныкталсын” деген сөзү алынып, “5(беш) жылга берилсин” деген сөздөр менен толукталсын;2-пункттундагы “2 (эки) жылга узартылып, жалпысы 7 (жети) жылды түзсүн” деген сөздөр алынып, “мыйзамга ылайык узартылсын” деген сөздөр менен толукталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 68