Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-2
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн
иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин башчысы Ж. Кожобердиевдин берген маалыматын жана сунушун талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы (тиркеме №1) жана ички тартип эрежелери (тиркеме №2) тиркемеге ылайык бекитилсин;
- Ат-Башы айылына 2017-жылы АРИС программасы аркылуу алынган кой кыркуучу агрегатты келишимдин негизинде кой кыркуудан түшкөн акча каражатынын 50 (элүү) пайыздык көлөмүндө ижарага берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевге милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 67
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 8-апрель
2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын
№8-2 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы районундагы Ат-Башы ЖПБ
2021-жылга иш планы
№ |
Аткарылуучу иштер |
Кимдер аткарат |
Мөөнөтү |
1 |
1-январь 2021-жылга карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен бирдикте малдын башын санап тактоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
январь, февраль |
2 |
Жайыттарды пайдалануучулардын тизмесин тактоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
март |
3 |
Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү |
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, райондук жайыт кызматкерлери |
февраль |
4 |
Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү жайыттарын райондук мамлекеттик каттоо мекемеси менен бирдикте чек араларды тактоо |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , КМУКБ |
март |
5 |
Жайытка баруучу маршуруттарды, жолдорду оңдоо |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
март, апрель |
6 |
Жайыт пайдалануучуларга түшүндүрмө берүү, АРИС кызматкерлери менен окууларды өтүү. |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , АРИС |
март |
7 |
Жайыт билеттерин берүү |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
апрель, май |
8 |
Убагында ветеринардык дарылоолорду өткөрүү |
Вет сервис |
жыл бою |
9 |
Малдарды жайлоого көчүрүү |
Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети |
май, июнь |
10 |
Жайыт акыларды жыйноо |
Жайыт комитети |
2021-жыл ичинде |
11 |
Жайыттарга малдардын жайланышын жана жайыттардын туура пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү |
Айыл өкмөт, жайыт комитети. |
июль,август |
12 |
Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп , тиешелүү чараларды көрүү. |
Райондук жайыт комитети. |
июль, август |
13 |
Жайыттарды жакшыртуу менен алардын инфраструктурасын оңдоо максатында инвестицияларды тартуу бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан болгон акча каражаттарды пайдаланууда жайыт комитетинин мүчөлөрү менен иш алып баруу |
Жайыт комитетинин мүчөлөрү |
жыл бою |
14 |
Айыл өкмөттөрдөгү жайыттардын пайдаланылышы жана жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча маалыматтарды , отчетторду райондук жайыт департаментине жиберип туруу |
Жайыт комитети |
жыл бою |
15 |
Ат-Башы жайыт жолдорун оңдоо |
Жайыт комитети |
жыл бою |
16 |
«Көк-Күмбөз» участкасын көрүү , лотокторду оңдоо жана өздөштүрүү |
Жайыт комитети |
жыл ичи |
17 |
«Беккари» чуңкурун (яма) куруу |
Жайыт комитети |
жыл ичи |
18 |
Насос станциядан чыккан чириген темир суу түтүктөрүн 300 метр алмаштыруу |
Жайыт комитети |
июнь, июль,август |
19 |
Сары-Гоонун тургундарын суу менен камсыз кылуу |
Жайыт комитети |
август, сентябрь |
Ат-Башы айыл аймагынын
жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 8-апрель
2021-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын
№8-2 токтомуна №2 тиркеме
Ички тартип эрежелери
- Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 15 сомдон төлөнсүн. Бодо малга 100 сомдон, торпок, тайга 50 сомдон төлөнсүн.
- Жайыт акысы башка жайыттарга жайлап келсе дагы Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетине төлөнсүн.
- Жайыт эсебиндеги жерлерди башка максаттарга чөп чабыкка пайдаланып жаткан жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлсүн.
- Жер кыртышын бузууга жол берилбесин.
- Жайытты чөп чабынды катары колдонуп жаткан аянттын ар бир сотых аянтына 10 сомдон акы алынсын.
- Келишим түзүлбөй жер аянттарын пайдаланып жаткан адамдарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
- Алыскы жайытка көчүү убагында графикте көчүү мөөнөтүнөн кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин.
- Сары-Коо, Таш-+төк, Чар ички жайыттарына жайкысын бир да малчы калбай алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.
- Жайкысы сарайларга саап ичкенге 1 (бир) баш уй жана мингенге 1 (бир) баш атка уруксат берилсин.
- Ички жайыттан жайлоолорго 2021-жылдын 20-майынан калбай көчүрүлсүн.
- Алыскы жана ортоңку жайыттарга белгиленген жана эскертилген убакта көчпөй айдоо жерлерге кирген мал ээлерине жана эрте көчүп келген малчыларга төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин:
- бодо малга 500 (беш жүз) сом.
- 1 баш торпок-тайга 300 (үч жүз) сом.
- 1 баш кой, эчкиге 75 (жетимиш беш) сом.
- 1 баш козу, улакка 50 (элүү) сом.
- Жайлоодон көчүп келүү, дыйкандардын оруп-жыюу иштери бүткөндөн кийин уруксат берилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын
жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев