Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VIII сессиясынын
ТОКТОМУ №8-1
08-апрель 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен
өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын
пайдалануу багыттарын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата калган калдык акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен өз ара эсептешүү жолу менен келип түшүүчү акча каражатынын пайдалануу багыттарын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К.Жапаровдун жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2021-жылдын 1-январына карата 9 742 368 (тогуз миллион жети жүз кырк эки миң үч жүз алтымыш сегиз) сом 73 тыйын калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
- Айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 11 200 сом;
- “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына контракт менен иш жүргүзүп жатышкан жумушчулардын, айылдын квартал комитет башчыларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн - 882 900 сом;
- Айыл өкмөткө лизингге комбайн алууга - 2 500 000 сом;
- А. Керимбаев мектебине от казаны, навес курууга – 1 500 000 сом;
- Кичи футболдук аянттын ремонтуна – 1 200 000 сом;
- Мамбеталиев атындагы мектебинин чатырын оңдоого – 836 000 сом;
- Тыналиев атындагы бала бакчасынын ремонту үчүн – 450 000 сом;
- Таштанды төгүлүүчү жердин ижара акысына – 300 000 сом;
- Көз ооруларын текшерүүгө аппарат алууга – 200 000 сом;
- Мектептерге өрт коопсуздугун алдын алууга шаймандар – 160 000 сом;
- «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасына – 120 000 сом;
- Жол белгилерин алууга – 50 000 сом;
- Архитектуранын кызматы үчүн – 132 000 сом;
- Волейбол командага форма алуу үчүн – 40 000 сом;
- Балдардын билим берүү борборунун ремонтуна – 100 000 сом;
- Айылдык кеңешке ноутбук, принтер алууга – 75 000 сом;
- Айылдык кеңешке печать, штамп жасатууга – 3 500 сом;
- Айылдык кеңешке темир шкаф алууга – 15 000 сом;
- Айылдык кеңешке керектүү каражаттарды алууга – 29 968 сом 73 тый;
- Айыл өкмөткө компьютер, принтер алууга – 75 000 сом;
- Айыл өкмөткө темир шкаф алууга 15 000 сом;
- Санарипке туташтырууга – 50 000 сом;
- Санарип кол тамга алуу үчүн – 1500 сом;
- Жер адистерине стул, шкаф алууга – 10 000 сом;
- Мектеп, бала бакчаларга антисептик каражаттарды алууга – 56 300 сом;
- Медициналык аптечка комплектиси менен алууга – 15 000 сом;
- Эл каттоого – 50 000 сом;
- Жесткий диск алууга – 20 000 сом;
- Мектептердин электр эсептегичин которууга – 12 000 сом;
- «Ак-Байрак» бала бакчасынын пандемия учурунда колдонулган электр энергиясына – 19 000 сом;
- «Чатыр-Көл» шайлоо участкасынын электр энергиясы үчүн – 15 000 сом;
- «Асылзат-Зирек» бала бакчасына санузел жасоо үчүн – 28 000 сом;
- Ат-Башы айылынын башкы планынын топосьемкасына – 200 000 сом;
- Кадастр мекемесине карта чийдирүү үчүн – 50 000 сом;
- Архитектурага документация үчүн – 100 000 сом;
- Соц.жардам бөлүмү аркылуу «Кризистик борбор» курууга жер аянтынын документациясына – 40 000 сом;
- Прожектор алууга – 100 000 сом;
- Китепкананын фондуна – 10 000 сом;
- Спорт мектебине инвентарь алууга – 100 000 сом;
- Азия чемпионатына барып келүү үчүн – 40 000 сом;
- ИИОнун багар-көрөрү жок ардагерине там салуусуна жардам берүү үчүн – 100 000 сом;
- Ит атууга – 30 000 сом;
- 2021-жылдын 1-январына карата Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын эсебинде калган 167 984(бир жүз алтымыш жети миң тогуз жүз сексен төрт) сом 25 тыйын айыл өкмөткө караштуу бала бакчалардын тамак ашы үчүн пайдаланылсын;
- Республикалык бюджеттен жана өз ара эсептешүү жолу аркылуу келип түшүүчү 1 500 000 (бир жарым миллион) сом акча каражаты Ат-Башы айылынын башкы планын (генплан) түзүүгө каржыланып берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 66