Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан 12 көздүү коомдук ажааткананын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VII сессиясынын

ТОКТОМУ №7-5

 

29-январь 2021-жыл                                                                                         Ат-Башы айылы                                                                                         

Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан 12 көздүү коомдук ажааткананын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Ат-Башы айылынын тургуну Айтбаева ЖумабүбүАбдыкеримовнанын 2021-жылдын 28-январында жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айылынын М. Өмүракунов көчөсү №153 көп кабаттуу турак үйдүн түндүк тарабындагы муниципалдык жерде жайгашкан элди тейлөө максатында келишимдин негизинде Ж. Айтбаева пайдаланып жүргөн  12 көздүүкоомдук ажааткананын  ижарага алган  келишиминин мөөнөтүбүткөндүгүнө байланыштуу кайрадан 2021-жылдын январь айынан тартып 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылып берилсин;
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгүжобого ылайык ижарага берүүкелишиминин мөөнөтүн узартып берүү жагы  айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси Б. Жунусалиевге тапшырылсын;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.    

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасынын

орун басары                                                                                                            К. Асанбаева

 

 

Каттоо № 64                                                                                                                                                            

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет