Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасын жоюу жана Ат-Башы айылындагы №4001 «Токой» шайлоо участкасын эки шайлоо участкага бөлүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-4
29-январь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасын жоюу
жана Ат-Башы айылындагы №4001 «Токой» шайлоо участкасын
эки шайлоо участкага бөлүү жөнүндө
Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын №76 сунуш катын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасында 5 шайлоочу катталып, бирок шайлоого толугу менен катышпагандыгына байланыштуу Ак-Сайөрөөнүндө жайгашкан №4026 «Ак-Сай» шайлоо участкасы жоюлсун;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык 2500 шайлоочудан ашып кеткендигине байланыштуу Ат-Башы айылынын №4001 «Токой» шайлоо участкасы эки участкага бөлүнүп, эки шайлоо участкасы ачылсын;
- Ат-Башы айылынын бөлүнгөн эки шайлоо участкаларанын чек араларын тактоо иштери Ат-Башы айылөкмөтү жана Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясы менен биргеликте жүргүзүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылөкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары К. Асанбаева
Каттоо № 63