Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VII сессиясынын

 

ТОКТОМУ №7-3

 

29-январь 2021-жыл                                                                                         Ат-Башы айылы                                                                                        

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн

иш планын бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылга карата иш планы  бекитилсин (тиркеме  №1 тиркелет 3 (үч) баракта);

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн;

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысовго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасынын

орун басары                                                                                                            К. Асанбаева

Каттоо № 62                                                                                                                                                              

 

                                        Ат-Башы айыл аймагынын

айылдык кеңешинин

29-январь  2021-жылдагы

№7-3 токтомуна  №1 тиркеме

                                                                                                                                                                                                                           

Ат-Башы айылдык Кеңешинин 2021-жыл үчүн

И Ш   П Л А Н Ы                                  

Каралуучу маселелердин мазмуну

Аткаруу

мөөнөтү

Аткарууга жооптуулар

1

Айылдык Кеңештин 2021-жылга иш планын бекитүү

 

1-квартал

Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

Н. Кемелова

2

Ат-Башы айыл аймагынын 2021-жылга карата бюджетин бекитүү

1-квартал

айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаров, айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы

Т. Жусубалиев

3

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги

1-январь 2021-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо

1-квартал

айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы

Т. Жусубалиев

4

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2021-жылга карата иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү

1-квартал

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы

Ж. Кожобердиев

5

2020-жыл ичиндеги  айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу

1-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

6

Айыл өкмөттүн 2020-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

1-квартал

Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев,

Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев

7

Ат-Башы айыл аймагындагы COVID-19  илдетинин алдын алуу иштери жана  ага карата жасалган иштер жөнүндө (гуманитардык, социалдык  жардамдар, медициналык, санитардык иштер тууралуу)

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева

8

Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча мыйзамынын аткарылышы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ишин жандандыруу жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи

Н. Карыбеков

9

Айылдын  жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык  иштеринин  жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн  абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы 

10

Айылдагы жазгы  айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, Ат-Башы айылына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө

2-квартал

Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаев, инвестиция тартуу боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, жайыт комитетинин төрагасы    

 Ж. Кожобердиев

 

11

Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык  түйүндөрүнүн  жайгашуусунун  мыйзамдуулугу, айыл тургундарынын турак үйлөрүнүн, короолорунун кызыл сызыкка туура келиши) жана Эл, турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы  жөнүндө

  2-квартал

Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси, туруктуу комиссиянын  төрагасы, райондук архитектуранын башчысы, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору  Б.Жумабаев

12

Жер бөлүштүрүү, айыл чарба  жана экология  иштери жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаев, туруктуу  комиссиянын  төрагасы

 

13

2021-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу айылдык кеңештин кезектеги сессиясында жана эл алдында айыл тургундарына отчет берүү

 

3-квартал

Айыл өкмөт башчысы

К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов

14

Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн  жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси

Т. Аралбаев, ветеринария боюнча башкы адис

А. +скөналы  уулу,  туруктуу комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин  башчысы

 

15

Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын  кышка карата даярдыктары жөнүндө

3-квартал

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

16

Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу

  4-квартал

 

Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров

17

Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө 

 

4-квартал

Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева

 

18

Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө

4-квартал

Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси 

А. Мусаева

19

Туруктуу комиссияларынын 2021-жыл ичинде  аткарган иштери жөнүндө

 

4-квартал

Туруктуу комиссиялардын төрагалары

 

Айылдык кеңештин катчысы                                                                        Н. Кемелова

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет