Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VII сессиясынын
ТОКТОМУ №7-1
29-январь 2021-жыл Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата
бюджетин бекитүү жөнүндө
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021- жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
- Жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктар жана салык эмес жыйымдар – 25 987 600 (жыйырма беш миллион тогуз жүз сексен жети миң алты жүз) сом;
- Теңдештирилген грант – 1 496 400 (бир миллион төрт жүз токсон алты миң төрт жүз) сом.
Баардыгы: 27 484 000 (жыйырма жети миллион төрт жүз сексен төрт миң) сом.
Чыгаша бөлүгү:
- Башкаруу аппараты – 15 866 500 (он беш миллион сегиз жүз алтымыш алты миң беш жүз) сом;
- Жайыт комитети – 89 000 (сексен тогуз миң) сом;
- Мектептер – 6 552 800 (алты миллион беш жүз элүү эки миң сегиз жүз) сом;
- Бала бакчалар – 4 975 700 (төрт миллион тогуз жүз жетимиш беш миң жети жүз) сом.
Баардыгы: 27 484 000 (жыйырма жети миллион төрт жүз сексен төрт миң) сом.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бекитилген бюджетин №1 тиркемеге ылайык аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2022-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 2022-жылга 28 649 600 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант-1 611 800 сом
- жергиликтүү кирешелер- 27 037 800 сом
- 2023-жылга 29 230 500 сом, мунун ичинен:
- теңдештирилген грант – 1 354 700 сом
- жергиликтүү кирешелер- 27 875 800 сом
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары К. Асанбаева
Каттоо № 60
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
Кеңешинин депутаттарынын 29-январь
2021-жылдагы кезектеги VII сессиясынын
№7-1 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин
КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ:
№ |
Кирешелердин аталышы |
СУММАСЫ (Миң сом) |
2021-ж |
||
1 |
Салык агенти төлөчү киреше салыгы |
18 424,8 |
2 |
Чакан ишкер-к, суб-и учун бирдик салык |
293,3 |
3 |
Милдеттүү патенттин негизде салык |
277,2 |
4 |
Ыктыярдуу патенттин негизинде салык |
2003,2 |
5 |
Кыймылсыз мүлккө салык |
106,7 |
6 |
Транспорттук каражаттарга салык юридикалык жактар |
146,3 |
7 |
Транспорттук каражаттарга салык физикалык жактар |
1 381,3 |
8 |
Жер салыгы-огород |
88,4 |
9 |
Жер салыгы- дыйкан чарба |
111,3 |
10 |
Айыл чарб-на арналбаган жер салыгы |
964,6 |
11 |
Сатуудан салык |
- |
12 |
Роялти |
7,0 |
13 |
Жер казынасын пайдаланууга лицензия үчүн акы |
470,0 |
14 |
Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы |
120,0 |
15 |
Жайыт ижарасы үчүн |
89,0 |
16 |
Кайра бөлүштүрүү фондунун жер ижара акысы |
250,6 |
17 |
Таштандыларды чыгаруу учун жыйым |
35,7 |
18 |
Атайын каражаттар |
1 218,2 |
|
БААРЫ : |
25 987,6 |
19 |
Грант (Теңдештирилген грант) |
1 496,4 |
|
|
|
|
ЖАЛПЫ КИРЕШЕЛЕР: |
27 484,0 |
ЧЫГАША БӨЛҮГҮ:
№ |
Кирешелердин аталышы |
СУММАСЫ (Миң сом) |
2021-ж |
||
1 |
Башкаруу аппараты |
15 866,5 |
2 |
Жайыт комитети |
89,0 |
3 |
Бала бакча |
4 975,7 |
4 |
Мектеп |
6 552,8 |
5 |
Жалпы чыгашалар: |
27 484,0 |
Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиев