Ат-Башы райондук токой чарба мекемесине тиешелүү 141,7 га жер аянтын “Токой фонду” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-7
Ат-Башы айылы 4-декабрь 2020-жыл
Ат-Башы райондук токой чарба мекемесине тиешелүү 141,7 га жер аянтын “Токой фонду” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу жөнүндө
Ат-Башы райондук токой чарба мекемесине тиешелүү 141,7 га жер аянтын “Токой фонду” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап, аталган контурдагы жерлер азыркы учурда калтуу конуш катары колдонулуп жаткандыгын эске алуу менен 2013-жылдын 15-июлундагы №145 Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарынына ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын түндүк тарабында жайгашкан 141,7 га жер аянты контур номери (Мал базар чөлкөмү квартал №2 видель №32,33,34,23 – 21,1 га, Дамбы, Токой чөлкөмдөрү квартал №3 видель №1 – 36,4 га, Токой чөлкөмү квартал №4 видель №1 – 7,5 га, Дамбы чөлкөмү №8 видель №26 – 72,0 га, Сарай чөлкөмү квартал №4 видель №3 – 4,8 га) Ат-Башы токой чарбасындагы жерди “Токой фонду” категориясынан “Калктуу конуш” категориясына которуу иштерине макулдук берилсин;
- Аталган жер тилкеси боюнча токой жайгаштыруу документтерин өткөрүп берүү жагы Ат-Башы райондук токой чарба мекемесинен суралсын;
- Бул токтомдун негизинде кызыктар тараптарга жана тиешелүү жергиликтүү конуштун жашоочуларына маалымдоо иштери жүргүзүлсүн;
- Бул токтом Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясына Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын негизинде жөнөтүлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 58