Ат-Башы айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ № 6-8
Ат-Башы айылы 4-декабрь 2020-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
2017-жылдын 13-апрелинде кабыл алынган Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде Ат-Башы айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу жобого ылайык комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме №1 тиркелет 1 баракта)
- Түзүлгөн комиссия өзүнүн компетенциясынын чегинде иш алып барсын жана комиссиянын ишмердүүлүгүнүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жагы жергиликтүү бюджеттен каржылансын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 59
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
4-декабрь 2020-жылдагы
№6-8 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айыл аймагынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
комиссиянын курамынын мүчөлөрү
№ |
Кызматы
|
А.А.А |
Ким тарабынан сунушталды |
1 |
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары |
Жапаров Кубанычбек Турдалиевич |
ЖӨБӨ |
2 |
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адиси юрист |
Карыбеков Нурбек Сарбагышович |
ЖӨБӨ |
3 |
Айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адис |
Жунусалиев Бактыбек Жумалиевич |
ЖӨБӨ |
4 |
Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана мал чарбасы боюнча жетектөөчү адиси |
|
ЖӨБӨ |
5 |
Айылдык кеңештин депутаты |
Курмангалиев Жумамүдүн Билалович |
Айылдык кеңеш |
6 |
Айылдык кеңештин депутаты |
Абдымаликов Элдияр |
Айылдык кеңеш |
7 |
«Көрктүү аймак» МИ директору |
Сулайманов Даниэл Бакирович |
ЖӨБӨ |
8 |
Жаштар кеңешинин өкүлү |
Жумабеков Адыл Жумабекович |
Жаштар кеңеши |
9 |
Аялдар кеңешинин өкүлү |
Акбаева Жыргалбүбү Асанакуновна |
Аялдар кеңеши |
10 |
Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү |
Макулдашуу менен өкүлү |
Макулдашуу менен |
11 |
Райондук архитектура бөлүмүнүн өкүлү |
Макулдашуу менен өкүлү |
Макулдашуу менен |
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Н. Карыбеков