Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-5
Ат-Башы айылы 4-декабрь 2020-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун
жерлерин ижарага берүү мөөнөтүн аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча мөөнөтүн аныктоо максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү айыл чарба багытындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин Ат-Башы айылынын тургундарына ижарага берүү мөөнөтү 2021-жылдан баштап 7 (жети) жылга аныкталсын;
- Айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин 2016-жылдан бери ижарага алып, пайдаланып жүргөн Ат-Башы айылынын тургундарынын 5 (беш) жылга түзүлгөн келишимдеринин мөөнөтү 2 (эки) жылга узартылып, жалпысы 7 (жети) жылды түзсүн;
- Буга чейин Ат-Башы айылынын тургундары тарабынан айыл чарба багытындагы мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага алып, иштетпестен башка адамдарга (субарендага) берүүгө тыюу салынсын жана кайра ижарага берүүфактылары аныкталганда комиссиянын чечими менен жерлер айыл өкмөткө кайтарылып алынсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 56