Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун, көчүп-конуунун жыйынтыгы жана айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6-4
Ат-Башы айылы 4-декабрь 2020-жыл
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун, көчүп-конуунун жыйынтыгы жана айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун, көчүп-конуунун жыйынтыгы жана Айдалган эгиндин чөпкө чабылып кеткендиги тууралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу С. Өмүралиевдин берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Күзгү оруп-жыйноо иштеринин жыйынтыгы туралуу Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу С. Өмүралиевдин маалыматы кошумча-алымчасы менен эске алынсын.
- Ат-Башы айыл аймагында айдалган 50,0 гектар эгиндин 36,0 гектар жери аба ырайынын кескин өзгөрүп, бышпай калуу коркунучун жараткандыгына байланыштуу чөп катары чабылып кеткендиги белгиленсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 55