2020-жылдын бюджетинде каралып, пайдаланылбай калган 1 175 000 (бир миллион бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезектеги VI сессиясынын

 

ТОКТОМУ №6-1

 

Ат-Башы айылы                                                                                         4-декабрь 2020-жыл  

 

 

2020-жылдын бюджетинде каралып, пайдаланылбай калган

1 175 000 (бир миллион бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатынын

пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө 

2020-жылдын бюджетинде каралып, пайдаланылбай калган 1 175 000 (бир миллион бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражатынын пайдалануу багытын өзгөртүп, зарыл болгон статьяларга жылдырып берүү жөнүндө Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин  жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:                 

  1. 2020-жылдын бюджетинде пайдаланылбай калган 1 175  000 (бир миллион бир жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты зарыл болгон  төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
  1. Экологияга – 50  000  сом;
  2. Ак-Өргөө конушуна электр линия тартууга – 232 500 сом;
  3. Айыл өкмөткө компьютер алууга - 225 000 сом (2 компьютер, 1 ноутбук)
  4. Айылдык кеңешке ноутбук, принтер алууга - 75 000 сом;
  5. Айыл өкмөтүн санарипке туташтырууга  - 50 000 сом;
  6. Айыл өкмөткө шкаф алууга 1 шт (металлический)  15 000 сом;
  7. Айылдык кеңешке шкаф алууга 1 шт (металлический)  15 000 сом;
  8. Айыл өкмөткө сервис алууга – 20 000 сом;
  9. Офисный стул - 45 000 сом;
  10. Обогреватель 12 шт. – 54 000 сом;
  11. Обогреватель (пушка) 3 шт – 30 000 сом;
  12. Шайлоо өткөрүүгө -  50 000 сом;
  13. Ак-Жар жайыт – 50 000 сом;
  14. Ак-Өргөө жаңы конушуна курулуучу бала бакчанын гос.актысына – 30 000 сом;
  15. Айыл өкмөттүн чарба китептерин алууга 20 200 сом алууга.
  16. А. Керимбаев орто мектебине насос комплект алуу үчүн – 35 000 сом;
  17. К. Мамбеталиев орто мектебине санитардык-гигиеналык талаптарды аткарууга керектүү материалдарды алуу үчүн – 40 000 сом;

 

“Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына

  1. айдоочунун айлык акысына – 56 000 сом;
  2. Соц.фондго – 9700 сом;
  3. Айлык акы мурап – 12900 сом;
  4. Соц.фондго 2200 сом;
  5. Насос – 43500 сом;
  6. Крандын кызматына – 14000 сом

 

 

  1. Бала бакчалар үчүн газ балон алууга каралган 5500 сом акча каражаты газета-журналдарга жазылуу үчүн которулуп берилсин;
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                            Т. Ыдырысов

 

                                                                                                                                                      

                                                                                                                                                   Каттоо № 52

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет