Айыл өкмөттүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна сынак жарыяланат

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

1.Айыл өкмөттүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адиси.

Квалификациялык талаптар:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим(ветеринария жана айыл чарба);

- жалпысынан бир жылдан  кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкөлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

- КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын;

- КР «Ветеринария жөнүндө»  Мыйзамын;

- КР «Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө» Мыйзамын;   

- КР «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Мыйзамын;

-кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү өлчөмдө мамлекеттик  жана расмий тилди билүүсү;

Кызматтык милдеттери:

- малды жасалма уруктандыруу пункттарынын жана ветеринариялык сервистик кызматтын пункттарынын иш-аракеттерин контролдоо;

- мал чарбачылыгын абалын жакшыртуу, айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын санын көбөйтүү боюнча чара көрүү, алардын эсебин алууну уюштуруу;

- айыл чарба жаныбарларына ветеринария-санитариялык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана мал чарбачылыгында селекциялык асылдандыруу иштерин текшерүү жана өз учурунда жана сапаттуу жүргүзүүнү уюштуруу;

- агрардык саясатты жүргүзүүгө жана жалпы принциптери сактоого көмөктөшүү;

- Ат-Башы айыл аймагындагы малдын бардык түрүн, канаттууларды жыл ичинде эки жолудан жугуштуу ооруларга карша канын текшерип, алдын-ала эмдөөлөрдү жүргүзүп туруу;

- Ат-Башы айыл аймагындагы мал багуучуларды тактап, көчүп-конуусуна көзөмөл жүргүзүп туруу;

- айылдын ички жайытында багылуучу уйлардын, кой-эчкилердин бадасынын уюштурулушуна катышуу жана ветеринардык-санитардык кароо жасап   туруу;

- Ат-Башы райондук мамлекеттик ветеринардык башкармалыгынын кызматкерлери, ветеринардык сервистер менен бирдикте Ат-Башы айыл аймагындагы малдарды жугуштуу ооруларга каршы алдын ала вакцина сайып эмдөөлөрдү, дарылоону, купкалоону жүргүзүү;

-малды идентификациялоо максатында ветеринардык сервистер менен бирдикте иш алып баруу жана алардык бул багыттагы иштерин көзөмөлдөө;

 

Талап кылынуучу документтер:                                                              

1. конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

2. кадрларды каттоо баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалымат);

3. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөтү;

4.жогорку билимди тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

6.паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат. Дареги: Ат-Башы айылы, М. +мүракунов көчөсү №85. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет