Турак жайды камсыздандыруу – бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы!

Кыргыз Республикасынын «Турак жайды ɵрттɵн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жɵнүндɵ» мыйзамы 2016-жылдын 11-февралынан тартып күчүнɵ киргендигине байланыштуу,турак жайды камсыздандыруудан өткөрүү милдеттүү түрдө жүрөт. Мыйзамдын максаты өрттүн жана табигый кырсыктардын натыйжасында турак жайдын бузулушуна же жок кылынышына байланышкан жоготуулардын ордун толтуруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Үйдү камсыздандыруу үчүн болгону эки гана документ керек. Ал – үй ээсинин паспорту жана турак жайдын техникалык паспорту.

Камсыздандыруунун тарифи турак жайдын аянты жана көлөмүнө эмес, анын жайгашкан жери-айылда же шаарда жайгашканына карата эсептелет. Айыл жергесиндеги турак жайды камсыздандыруу үчүн жылына 600 сом, ал эми шаардагы турак жайлар үчүн жылына 1200 төлөнөт. Ошондой эле мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралган, Улуу Ата Мекендик согуштун, Афганистан согушунун ардагерлерин, майыптарды, Чернобыль апаатына катышкандарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү ж.б. бир нече категориялар боюнча жарандардын турак жайлары бекер же жарым жартылай камсыздандырылып жатат. 

Аталган мыйзам жана камсыздандыруунун жолдору жɵнүндɵ кеӊири маалыматты Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча  башкы адистери Р. Асанкул уулу  жана Д. Сулаймановдордон алсаңыздар болот. 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет