Башкы адис-юрист кызмат ордуна сынак жарыяланат.
Ат-Башы айыл өкмөттүнө башкы адис - юрист кызмат ордуна сынак жарыялайбыз!
Квалификациялык талаптар:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим(юридикалык);
- жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/ же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө үч жылдан кем эмес иш стажы;
Кызматтык милдеттери:
- айыл өкмөт тарабынан даярдалган буйрук, токтомдордун мыйзамдуулугун кароо жана тиешелүү сунуштарды киргизүү;
- соттук отурумдарда, ошондой эле башка укук коргоо органдарында айыл өкмөттүн кызыкчылыгын жана укугун коргоо;
- айыл аймактын аксакалдар сотуна, аялдар кеңешине, карыялар кеңешине жана жаштар уюмдарына практикалык жардамдарды көрсөтүү жана алардын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн көзөмөлдөө;
- Бузуулар боюнча иш алып баруу;
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81