Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезектеги V сессиясынын

ТОКТОМУ №5-9

 

Ат-Башы айылы                                                                                           28-июль 2020-жыл 

 

Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн

ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндө

 

Ак-Сай өрөөнүндөгү Ат-Башы айылөкмөтүнө тиешелүү турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн убактылуу берүү жөнүндөгү айылөкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровдун билдирүүсүнө ылайык Ак-Сай өрөөнүндөгү калктын жана  жайлаганы келген малчылардын малын ветеринардык кароодонөткөрүп туруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ак-Сай өрөөнүндөгү Жаңы маданий борборунун күн батыш тарабында жайгашкан  Ат-Башы айылөкмөтүнө караштуу турак жайдын эки бөлмөсүн ветеринардык пункт уюштуруу үчүн Ат-Башы райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгына 2021-жылдын декабрь айына чейин убактылуу пайдаланууга берилсин;   
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айылөкмөтүнүн башчысынын орун басары К. Жапаровго милдеттендирилсин.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасынын  орун басары                                                                                 К.Асанбаева 

 

                                                                                                                                   

 

                                                                                                                                     Каттоо № 49

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет