Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-8
Ат-Башы айылы 28-июль 2020-жыл
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн
иш планын бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жыл үчүн иш планын бекитүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2020-жылга карата иш планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет 2 (эки) баракта);
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 48
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кеңешинин
28-июль 2020-жылдагы
№5-8 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы айылдык Кеңешинин 2020-жыл үчүн
И Ш П Л А Н Ы
№ |
Каралуучу маселелердин мазмуну |
Аткаруу мөөнөтү |
Аткарууга жооптуулар |
1 |
Айылдык Кеңештин 2020-жылга иш планын бекитүү
|
1-квартал |
Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Т.Иманбердиева |
2 |
2019-жыл ичиндеги айыл өкмөт башчысынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу |
1-квартал |
Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков |
3 |
Айыл өкмөттүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө |
1-квартал |
Туруктуу комиссиянын төрагасы К. Айдыралиев, Айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Жусубалиев |
4 |
Айылдагы диний экстремизм, терроризм, кылмыштуулуктун алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, Кыргыз Республикасынын «Бузуулар» боюнча мыйзамынын аткарылышы жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) ишин жандандыруу жөнүндө |
2-квартал |
Айыл өкмөттүн башкы адиси-юристи Д. Курманбек уулу |
5 |
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, көчөлөрдү асфальттоо иштери жөнүндө |
2-квартал |
Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров, «Көрктүү аймак» ишканасы |
6 |
Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы, айыл өкмөткө ички жана сырткы инвестиция тартуу, Ат-Башы айылынаөзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштери жөнүндө |
2-квартал |
Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, инвестиция тартуу боюнча башкы адис Асанкул уулу Р, жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев
|
7 |
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай боюнча иштеринин абалы (соода- сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугу, айыл тургундарынын турак үйлөрүнүн, короолорунун кызыл сызыкка туура келиши) жана Эл, турак жай фондун каттоонун жыйынтыгы жөнүндө |
2-квартал |
Айыл өкмөттүн кызматкерлери, жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана сатып алуулар боюнча башкы адиси, туруктуу комиссиянын төрагасы, райондук архитектуранын башчысы М.Муталипов, Экотех инспекциянын Ат-Башы району боюнча инспектору Б.Жумабаев |
8 |
Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология иштери жөнүндө |
3-квартал |
Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча жетектөөчү адиси, туруктуу комиссиянын төрагасы
|
9 |
2020-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын жана айыл өкмөттүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын жасаган иштери тууралуу отчетун угуу
|
3-квартал |
Айыл өкмөт башчысы К. Чоробеков, «Көрктүү аймак» ишканасынын директору Д.Сулайманов |
10 |
Айылдагы күзгү ооруп-жыюунун жана көчүп-конуунун жыйынтыгы, айыл тургундарынын малдарын жугуштуу оорулардан алдын алуу боюнча иштердин абалы жөнүндө |
3-квартал |
Айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адис, ветеринария боюнча башкы адис А. Жаныбек уулу, туруктуу комиссиянын төрагасы, жайыт комитетинин башчысы
|
11 |
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө |
3-квартал |
Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
12 |
Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү» жарлыгы боюнча аткарылган иштердин жүрүшү тууралуу |
4-квартал
|
Айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаров |
13 |
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу иштери жөнүндө
|
4-квартал |
Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиева
|
14 |
Салык жана жыйымдардын аткарылышы жөнүндө |
4-квартал |
Айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси |
15 |
Туруктуу комиссияларынын 2019-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө
|
4-квартал |
Туруктуу комиссиялардын төрагалары |
Айылдык кеңештин катчысы Т. Иманбердиева