Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 21214 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 1475 NA Нива автоунаасын муниципалдык менчиктен чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-7
Ат-Башы айылы 28-июль 2020-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 21214 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 1475 NA Нива автоунаасын муниципалдык менчиктен чыгаруу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 21214 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 1475 NA Нива автоунаасынын пайдалануу мөөнөтү өтүп, жүргүзүүгө болбой калгандыгына байланыштуу муниципалдык менчиктен чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансында турган ВАЗ 21214 үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 1475 NA Нива автоунаасы иштөө мөөнөтү бүткөндүгүнө жана алыс жакка айдаганга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу муниципалдык менчиктен ажыратылсын;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Д. Курманбек уулуна милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 47