Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде пайдаланылбай турган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык Кеңешинин депутаттарынын

кезектеги V сессиясынын

ТОКТОМУ №5-3

 

Ат-Башы айылы                                                                                           28-июль 2020-жыл  

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде пайдаланылбай турган акча каражатынын багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бекитилген бюджетинде кышка даярдык көрүү максатында көмүр сатып алуу үчүн акча каражаты III кварталга жетишсиз өлчөмдө каралып калгандыгына байланыштуу жана бүгүнкү күнгө көмүрдүн 50 % ашыгы келип түшкөндүктөн, айыл өкмөттүн бюджетиндеги пайдаланылбай турган акча каражатын статьядан статьяга которуп берүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:                                                                                                

1.      Ат-Башы  айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралып, пайдаланылбай турган 1 238 800 (бир миллион эки жүз отуз сегиз миң сегиз жүз) сом акча каражаты 3111 статьясынан 2224 статьясына жылдырылып берилсин;                  

2.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.

3.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы  К. Чоробековго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын

төрагасынын  орун басары                                                                                 К.Асанбаева  

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет