Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Ат-Башы айыл өкмтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-2
Ат-Башы айылы 28-июль 2020-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата калдык акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы боюнча отчетун угуп, талкуулап жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата калдык акча-каражатын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 31 313 000 (отуз бир миллион үч жүз он үч миң) сомго жана чыгаша бөлүгү 27 337 900 (жыйырма жети миллион үч жүз отуз жети миң тогуз жүз) сомго бекитилсин;
-
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата 4 585 100 сом калдык акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
- Бала бакча курулушуна 1 570 300 сом;
- Пандемияга карата керектүү каражаттарды, дары-дармектерди алууга 500 000сом;
- Крандын кызматы үчүн 30 000 сом;
- ПСД жолго 120 000 сом;
- ЖӨБ окууга 30 000 сом;
- Метеостанцияга имарат курууга 470 000 сом;
- К. Тыналиев атындагы бала бакчага (өздүк салым) 150 000 сом;
- А. Курманалиев атындагы бала бакчага (терезе алмаштыруу) 350 000 сом;
- «Ак-Байрак» бала бакчасына (өздүк салым, санузел) – 35 600 сом;
- Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебине (ремонт кабинет) 50 000 сом;
- «Көрктүү аймак» ишканасына (карыздары үчүн) 215 000 сом;
- Интернет коштуруу, абаненттик төлөм (1 мектеп, 3 бала бакча) – 50 000 сом;
- Сооружение курууга (Молдалиев көчөсү) – 150 000 сом;
- Райондук китепканага китеп алууга – 10 000 сом;
- Бала бакчага форма алууга – 30 000 сом;
- К. Мамбеталиев мектебине (чатырын оңдоого смола алууга) – 275 000 сом;
- Архивге – 16 000 сом;
- Компенсация – 395 000 сом;
- Соц.фонд – 59700 чом;
- Проект бала бакчага – 48500 сом;
- Бала бакча салынуучу жерди планировкалоого – 30 000 сом
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары К.Асанбаева