Ат-Башы айыл өкмөтү жана «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан 2019-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги V сессиясынын
ТОКТОМУ №5-1
Ат-Башы айылы 28-июль 2020-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтү жана «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасы тарабынан 2019-жыл ичиндеги аткарылган иштери жөнүндө
2019-жыл ичинде аткарылган иштер боюнча Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун отчетун жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чоробековдун 2019-жылдагы аткарганган иштери канааттандырарлык деп табылсын;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д. Сулаймановдун берген маалыматы эске алынсын;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2019-жыл жана 2020-жылдын 6 айлыгы боюнча жүргүзгөн ишмердүүлүгүн жыйынтыгын депутаттык комиссия анализдеп, кийинки сессияга сунушталып, баа берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т.Ыдырысовго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын
төрагасынын орун басары К.Асанбаева