Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз II сессиясынын

ТОКТОМУ № 2-3

 

Ат-Башы айылы                                                                      19.03.2020-жыл                                                                                  

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин  киреше бөлүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата

болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндөгү Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевдин   билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ат-Башы айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата болжолдуу долбоору төмөндөгүдөй бекитилсин:

- 2021- жылга 25 223 400 сом, мунун ичинен:

- теңдештирилген грант- 1 290 000  сом

- жергиликтүү кирешелер – 23 933 400 сом

      - 2022-жылга 25 829 900 сом, мунун ичинен:

            - теңдештирилген грант-886 100 сом

            - жергиликтүү кирешелер- 24 943 800 сом

      - 2023-жылга 27 051 000 сом, мунун ичинен:

            - теңдештирилген грант - 1 000 000 сом

            - жергиликтүү кирешелер- 26 051 000 сом

 

2. Ат-Башы  айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше болүгүнүн 2021-2023-жылдарга карата бекитилген  болжолдуу долбоорун эске алуу жагы  айыл өкмөттүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т. Жусубалиевге тапшырылсын.

                                  

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                                                              Т. Ыдырысов                                                                                                                                   

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет