Бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялабыз.
Ат-Башы айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси
- Кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, салык жана салык салуу).
- Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды.
КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ” Мыйзамын, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;
Кызматтык милдеттери:
- жергиликтүү бюджетке төлөмдөрдүн өз учурунда жана толук түшүшүнө туруктуу көзөмөл жүргүзүү, салык төлөөчүлөрдүн төлөмдүк жана финансылык тартиптерди сактоолору боюнча текшерүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү;
- өз компетенциясынын чектеринде Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөмдүк тартипти бузуучу чарбакер субьекттерге чараларды көрүү;
- бюджеттин киреше бөлүктөрүн түзүү бөлүгүндө бюджеттик процесстин ачык-айкындыгын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү;
- бюджеттин киреше бөлүгү боюнча белгиленген финансылык отчеттуулукту өз учурунда түзүүнү жана берүүнү камсыз кылуу;
- - Ат-Башы райондук салык инспекциясынын кызматкерлери менен бирдикте чарба жүргүзүүчү субьектилерге физикалык жактан салыктарды чегерүү жана эсептешүү иштерин жүргүзүү.
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян (соттулугу жөнүндө маалымат камтылат);
Документтер Ат-Башы айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81