Бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялабыз.
Ат-Башы айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85
Ат-Башы районунун Ат-Башы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим (гуманитардык, социалдык, педагогикалык, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, айыл чарба, автоматташтыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы.
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81