Бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялабыз.
Ат-Башы айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна
СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:
Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адиси
1.Кесиптик билимдин деңгээли:
- тийиштүү багыттагы жогорку билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (айыл чарбасы, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш).
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талаптар коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүк:
- төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;
- КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын;
- КР «Айыл чарбасын өнүктүрүү» Мыйзамын;
- КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамын;
- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүүсү;
Кызматтык милдеттери:
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана жергиликтүү кеңештин айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүүгө жана пайдаланууга тийиштүү чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин, чабындыларды, жайыттарды ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн дифференциалданган ставкаларды кыртыштын бонитетинин баллын эске алып аныктоо боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитүү үчүн сунуш киргизүү;
- Ат-Башы айыл аймагындагы айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү агротехниканын жана агрохимиянын методдорун колдонууну окутууну уюштуруу;
- Ат-Башы айыл аймагында жайгашкан үрөнчүлүк чарбаларга усулдук көмөк көрсөтүүгө;
- айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүүгө көмөк көрсөтүүчү чараларды көрүүгө, аларды түзүү, башкаруунун зарыл ыкмаларына окутууну уюштурууга;
- чарба ичиндеги сугат системаларын ремонттоо, даярдоо жана сактоо иштерин тиешелүү кызматтар менен бирдиктүү жүргүзүү;
- Ат-Башы айыл аймагынын агрардык секторунун абалына талдоо жүргүзүү;
Талап кылынуучу документтер:
1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;
2.өздүк каттоо баракчасы;
3. сүрөтү 3х4, 2 шт.;
4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
6.паспорттун көчүрмөсү;
7.резюме;
8.өмүр баян;
Документтер Ат-Башы айыл өкмөтүндө кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81