Бош административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялабыз.

Ат-Башы айыл өкмөтү төмөндөгү бош кызмат ордуна

СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

Юридикалык дареги: Ат-Башы айылы, М. Өмүракунов көчөсү №85

 

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча башкы адиси

 

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

     - тийиштүү багыттагы жогорку билим (айыл чарбасы, юриспруденция, геодезия жана жерге жайгаштыруу, экономика жана башкаруу, архитектура жана курулуш).

   2. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Кесиптик компетенттүүлүк:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын  жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

- КР Жер кодексин, КР Турак жай кодексин, КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамын, КР «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамын, КР «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамын.

- кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн керектүү болгон өлчөмдө мамлекеттик жана /же расмий тилдерди билүүсү;       

 

Кызматтык милдеттери:

- Ат-Башы айыл аймагындагы турак-жай фондусунун абалын изилдөө жана жергиликтүү кеңеш үчүн тиешелүү маалымат даярдоо;

- турак-жай маселелери, анын ичинде турак жай фондун өнүктүрүү жана жакыр жарандардын турак-жай шарттарын жакшыртуу боюнча чечимдердин долбоорлорун даярдоо;

-муниципалдык менчикти пайдаланууга жана тескөөгө байланыштуу маселелер боюнча айылдык кеңеш жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо жана анын аткарылышын контролдоо;

- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жолдордун, имараттардын, курулмалардын абалдарын жана пайдаланылышын иликтөө, Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына сунуштарды даярдоо;

- муниципалдык менчикти убактылуу же туруктуу ээликке жана пайдаланууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө ченемдик-укуктук актылардын долбоорун даярдоо;

- Ат-Башы айыл аймагынынын айыл өкмөттүн башчысына калктуу конуштардын архитектуралык көрүнүшү маселеси боюнча сунуштарды даярдоо;

- имараттардын жана курулмалардын курулуш нормаларына ылайык келишин изилдөө, Ат-Башы  айыл аймагыны айыл өкмөтүнүн башчысына тийиштүү маалыматтарды даярдоо;

- мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик комиссия менен  иш жүргүзүү;

- Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендердик  комиссиянын иш-аракеттерине толугу менен жооп берүү;

 

Талап кылынуучу документтер:

1.конкурстук комиссиянын атына жазылган жеке арызы;

2.өздүк каттоо баракчасы;

3. сүрөтү 3х4,  2 шт.;

4.дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

5.эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);

6.паспорттун көчүрмөсү;

7.резюме;

8.өмүр баян;

 

Документтер Ат-Башы айыл өкмөтүндө кабыл алынат.

 

Конкурска катышуу үчүн документтерди жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күн ичинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону: 03534 23-7-81

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет