Ат-Башы айылдык кеңешине жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезексиз II сессиясынын
ТОКТОМУ № 2-2
Ат-Башы айылы 19.03.2020-жыл
Ат-Башы айылдык кеңешине
жооптуу катчы штаттык бирдигин ачуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 26-июнундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын №124 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» токтомунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат оруну айыл өкмөттүн штаттык структурасына кошумча штат катары бекитилсин;
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысы кызмат ордуна конкурстук тандоону мыйзам чегинде өткөрүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т. Иманбердиевага милдеттендирилсин.
- Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын эмгек акысын мыйзам чегинде эсептеп төлөп берүү жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Т. Жусубалиевге жүктөлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 39