Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата калдык акча-каражаты жөнүндө

Ат-Башы айыл аймагынын  айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезексиз II сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 2-1

 

Ат-Башы айылы                                                     19.03.2020-жыл                                                                                  

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги

1-январь 2020-жылга карата калдык акча-каражаты жөнүндө

 

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата калдык акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Айдыралиевдин жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде  Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн эсебиндеги 1-январь 2020-жылга карата калдык акча-каражатынын эсебинен айылдык кеңештин төрагасынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн 10100 сом (он миң бир жүз сом), “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына 891 100 сом (сегиз жүз токсон бир миң бир жүз) сом бөлүнүп берилсин;
  1. “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасына бөлүнүп берилген акча каражаты контракт менен иш жүргүзүп жатышкан жумушчулардын, айылдын квартал комитет башчыларынын эмгек акы жана социалдык төлөмдөрү үчүн каржыланып берилсин;                  
  1. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы      К. Чоробековго тапшырылсын.

 

 

                                    

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык

кеңешинин депутаттарынын төрагасы                  Т. Ыдырысов                                                                                                                                   

 

                                                                                                                                         Каттоо № 38

 

 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет