Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун оозеки кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-13
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун
оозеки кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун токой чарбага тиешелүү жерлерге турак жайлар салынып кеткендигине байланыштуу ордуна башка жер бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылына тиешелүү 142 га жер аянты Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясынын 09.10.2018-жылдагы №83 аныктамасы менен такталган контурлары боюнча өзгөрүүсүз калтырылсын;
- Ат-Башы токой чарбасынын директору А. Таштанбековдун турак жайлар салынып кеткен жерлердин ордуна жер аянттарды алмашуу жөнүндөгү сунушу аткаруусуз калтырылсын;
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 36