Аймакта короновирустун алдын алуу иштери жүрүп жатат
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары!
Өлкөбүздө короновирус илдетин жуктурган адамдар аныкталгандыгына байланыштуу жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран өздүк гигиенанын талаптарын толук аткаруусу зарыл! Зарылдыгы жок болсо үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугушууну кыскартууну сунуштайбыз. Бүгүнкү күндө мектептер, бала бакчалар карантинге жабылгандыгына байланыштуу балдарды көчөгө чыгарбаңыздар.
Учурда аймакта короновируска байланыштуу дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле мектеп, бала бакчалар, мекеме-ишканалардын имараттары дагы дезинфекциядан өтүүдө.
Урматтуу Ат-Башы айылынын тургундары, жогорудагылардын негизинде болуп жаткан окуяга олуттуу көз караш менен карап, өзүңүздөрдү дүрбөлөңгө алдырбай, сактануу эрежелерин так сактооңуздарды өтүнөбүз!