Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаты К. Айдыралиевдин кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-12
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
Ат-Башы айылдын кеңешинин депутаты К. Айдыралиевдин айыл ичиндеги көчөлөрдү ген.планга ылайык тартипке келтирүү боюнча жазган кайрылуусунун негизинде Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын ички көчөлөрүн ирээтке келтирүү үчүн айыл тургундарынын турак жайларынын, короо жайларынын жайгаштырылышы (кызыл сызыктан чыгып кеткендер) боюнча иш алып баруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнөн, Ат-Башы райондук экотехинспекциясынан жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ат-Башы райондук филиалдарынан суралсын;
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын;
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 35