«Ат-Башы-Дордой» базарынын жетекчиси Ж. Бакасовдун кайрылуусу жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-11
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 10-декабрындагы чыгыш №1980 сандуу катында көрсөтүлгөн «Ат-Башы-Дордой» базарынын жетекчиси Ж. Бакасовдун жекшемби күндөрү мал базардын түндүк тарабындагы Ж. Чоробаев атындагы көчөсүнөн кирүүчү автоунааларга эртең мененки саат 06-00 дон кечки 16-00 го чейин чектөө киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун талкуулап, Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жогорудагы маселе боюнча юристтер менен иш алып барып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде чечилип берилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 34