Республикалык бюджеттен айыл өкмөткө дем берүү үчүн келген жана бала бакчалардын өздүк салымы үчүн каралган акча каражаттарынын пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги  IV сессиясынын

ТОКТОМУ № 4-10

 

Ат-Башы айылы                                                                                     26-декабрь 2019-жыл                                                                                 

             Республикалык бюджеттен айыл өкмөткө дем берүү үчүн келген 306,1 (үч жүз алты миң бир жүз) сом жана  2019-жылдын бюджетинде бала бакчалардын өздүк салымы үчүн бөлүнүп берилген 312,0 (үч жүз он эки миң) сом акча каражаттарынын пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча  Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде   Ат-Башы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Республикалык бюджеттен айыл өкмөткө дем берүү үчүн келген 306,1 (үч жүз алты миң бир жүз) сом жана 2019-жылдын бюджетинде бала бакчалардын өздүк салымы үчүн бөлүнүп берилген 312,0 (үч жүз он эки миң) сом акча каражаты пайдаланылбай калгандыктан каржылоо статьясы өзгөртүлүп, жетишсиз болгон электр энергия үчүн которулуп берилсин;       

2.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз  кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Жусубалиевге милдеттендирилсин;

3.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.

 

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин

депутаттарынын төрагасынын орун басары                                                    К.Асанбаева

                                                                                                                 

 

                                                                                                                                                  Каттоо № 33


 

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет