Ат-Башы айыл аймагынын жайыт пайдалануучулардын жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетин, түзүлгөн иш планын жана ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө

Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын

кезектеги IV сессиясынын

ТОКТОМУ № 4-8

Ат-Башы айылы                                                                                       26-декабрь 2019-жыл                                                                                 

Ат-Башы  айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын  жайыт комитетинин 2020-жылга карата  бюджетин, түзүлгөн иш планын жана  ички тартип эрежелерин бекитүү максатында жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин билдирүүсүнүн  негизинде  Ат-Башы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.      Ат-Башы  айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын  жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша  бөлүктөрү төмөндөгүдөй  бекитилсин:

Киреше бөлүгү: 

1)     Жайыттан түшкөн акча каражаты: 89 000 (токсон миң) сом.

2)     Кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча каражаты: 80 000 (сенсен миң) сом.

Баардыгы: 169 000 (бир жүз алтымыш тогуз  миң) сом.

 

Чыгаша бөлүгү:

1)     Эмгек акы, соц.фонд: 155 630 ( бир жүз элүү беш миң алты жүз отуз) сом

2)     Жайыттын салыгы жана  инфраструктурасын жакшыртуу: 13370 ( он үч миң үч жүз жетимиш) сом.

Баардыгы: 169 000 (бир жүз алтымыш тогуз миң) сом

 

2.      Ат-Башы  айыл аймагынын жайыт  пайдалануучулардын  жайыт комитетинин 2020-жылга карата  иш планы жана  ички тартип эрежелери бекитилсин (тиркеме №1, №2 тиркелет эки баракта).

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиевге  милдеттендирилсин.

4.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Чоробековго тапшырылсын.

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин

депутаттарынын төрагасынын орун басары                                                    К.Асанбаева

                                                                                                                                          Каттоо № 31

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин

26-декабрь 2019-жылдагы

№4-8 токтомуна  №1 тиркеме

 

Ат-Башы районундагы Ат-Башы ЖПБ

2020-жылга иш планы

 

Аткарылуучу иштер

Кимдер аткарат

Мөөнөтү

1

1-январь 2020-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн  кызматкерлери менен бирдикте малдын башын санап тактоо

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

январь, февраль

2

Жайыттарды пайдалануучулардын тизмесин тактоо

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

март

3

Жайыт пайдалануучуларга жайыт мыйзамдарын түшүндүрүү

Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, райондук жайыт кызматкерлери

февраль

4

Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү  жайыттарын райондук мамлекеттик каттоо мекемеси менен бирдикте чек араларды тактоо

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , КМУКБ

март

5

Жайытка баруучу маршуруттарды, жолдорду оңдоо

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

март, апрель

6

Жайыт пайдалануучуларга түшүндүрмө берүү, АРИС кызматкерлери менен окууларды өтүү.

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети , АРИС

март

7

Жайыт билеттерин берүү

Жайыт  комитетинин мүчөлөрү

апрель, май

8

Убагында  ветеринардык дарылоолорду өткөрүү

Вет сервис

жыл бою

9

Малдарды жайлоого көчүрүү

Ат-Башы айыл аймагынын жайыт комитети

май, июнь

10

Жайыт акыларды жыйноо

Жайыт комитети

2020-жыл ичинде

11

Жайыттарга  малдардын  жайланышын жана жайыттардын туура  пайдаланышы боюнча көзөмөл жүргүзүү

Айыл өкмөт, жайыт комитети.

июль,август

12

Жайыттарды туура эмес пайдалангандарга өз убагында актыларды түзүп , тиешелүү чараларды көрүү.

Райондук жайыт комитети.

июль, август

13

Жайыттарды жакшыртуу менен алардын инфраструктурасын оңдоо  максатында инвестицияларды  тартуу бүткүл  дүйнөлүк  банк тарабынан  болгон  акча каражаттарды  пайдаланууда жайыт комитетинин мүчөлөрү менен иш алып баруу

Жайыт комитетинин мүчөлөрү

жыл бою

14

Айыл өкмөттөрдөгү  жайыттардын пайдаланылышы жана жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча   маалыматтарды , отчетторду  райондук жайыт  департаментине  жиберип туруу

Жайыт комитети

жыл бою

15

Ат-Башы жайыт жолдорун оңдоо

Жайыт комитети

жыл бою

16

«Көк-Күмбөз» участкасын көрүү , лотокторду оңдоо жана өздөштүрүү

Жайыт комитети

жыл ичи

17

Сары-Гоо участкасына майда жандыктарга ванна (панда) куруу

Жайыт комитети

август, сентябрь

 

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

жайыт комитетинин төрагасы                                                        Кожобердиев Ж.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ат-Башы айылдык кеңешинин

26-декабрь 2019-жылдагы

№4-8 токтомуна  №2 тиркеме

 

 

Ички тартип эрежелери

 

  1. Жайыт акы үчүн ар бир баш кой, эчкиге 12 сомдон төлөнсүн. Бодо малга 60 сомдон, торпок, тайга  42  сомдон төлөнсүн.
  1. Жайыт акысы башка  жайыттарга жайлап келсе  дагы Ат-Башы  айыл аймагынын  жайыт комитетине төлөнсүн.
  1. Жайыт эсебиндеги жерлерди  башка максаттарга чөп чабыкка пайдаланып жаткан  жайыт пайдалануучулар менен  келишим түзүлсүн.
  1.  Жер кыртышын бузууга жол  берилбесин.
  1. Жайытты чөп чабынды  катары колдонуп жаткан   аянттын ар бир сотых  аянтына 10 сомдон  акы алынсын.
  1. Келишим  түзүлбөй жер аянттарын  пайдаланып жаткан  адамдарга мыйзам чегинде чара  көрүлсүн.
  1. Алыскы жайытка көчүү убагында  графикте көчүү мөөнөтүнөн  кечигип, айдоо аянттарына, жайыттарга зыян келтирген мал ээлерине мыйзам чегинде  төмөндөгүдөй  айып акылар белгиленсин.
  1. Сары-Коо, Таш-+төк, Чар ички жайыттарына  жайкысын бир да малчы калбай  алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.
  1. Жайкысы сарайларга  саап ичкенге 1 (бир) баш  уй жана мингенге 1 (бир) баш  атка уруксат берилсин.
  1. Ички жайыттан жайлоолорго 2020-жылдын 20-майынан калбай көчүрүлсүн.
  1. Алыскы жана ортоңку  жайыттарга белгиленген жана эскертилген  убакта көчпөй айдоо жерлерге кирген  мал ээлерине  жана  эрте көчүп  келген  малчыларга төмөндөгүдөй айып акылар белгиленсин:

 - бодо малга  500 (беш жүз) сом.

 - 1 баш торпок-тайга 300 (үч жүз) сом.

 - 1 баш  кой, эчкиге  75 (жетимиш беш) сом.

 - 1 баш козу, улакка 50 (элүү) сом.

  1. Жайлоодон  көчүп  келүү, дыйкандардын оруп-жыюу иштери  бүткөндөн  кийин уруксат берилсин.

 

 

Ат-Башы айыл аймагынын

жайыт комитетинин төрагасы                                                                             Кожобердиев Ж.

 

 

 

 


        

Как нас найти?

Карта проезда

Статистика

Материалов
Категорий
Фотографий
Видео
550
11
65
0

Контакты

+996(3534)23-7-81
atbashyao@inbox.ru
с 09-00 до 18-00
Нарынская область, село Ат-Башы, улица Мухтара Омуракунова 85

Личный кабинет