Ат-Башы айылынын №4001 «Токой» жана №4002 «Мектеп» шайлоо участокторунун чектерин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-7
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
Ат-Башы айылынын №4001 «Токой» жана №4002 «Мектеп» шайлоо участокторунун чектерин бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы адис-юристи Курманбек уулу Досумбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктуна ылайык шайлоочулардын санын тендөө максатында Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылынын №4001 «Токой» жана №4002 «Мектеп» шайлоо участокторунун чектери №1 тиркемеге ылайык бекитүү жагы Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын; (Тиркеме тиркелет 2 (эки) баракта).
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 30
Ат-Башы айылдык кеңешинин
26-декабрь 2019-жылдагы
№4-7 токтомуна №1 тиркеме
Ат-Башы району боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын
жайгашкан жерлери жана чек аралары боюнча
МААЛЫМАТ
№ |
Айыл өкмөтʏнʏн аталышы |
Участ.№ |
Участканын аталышы |
Участканын борбору |
Участканын чектери жана шайлоо участкасынын чегине тиешелʏʏ көчөлөрдʏн жайгашышы |
1. |
Ат-Башы |
4001 |
Токой |
Ат-Башы айылы. А.Керимбаев атындагы орто мектебинин имараты |
Чек аралары: Ат-Башы айыл өкмөтʏнʏн Ат-Башы айылынын С.Абыкеев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки Т.Өмʏрзаков көчөсʏнʏн кʏн чыгыш тарабы жана М.Өмʏракунов көчөсʏнөн Тянь-Шань көчөсʏнө чейинки С.Мамытов көчөсʏнʏн кʏн чыгыш тарыбанан айылдын башындагы токойго чейинки ʏйлөр жана Ак-Өргөө жаңы конушу толук кирет.
|
2. |
Ат-Башы |
4002 |
Мектеп |
Ат-Башы айылы. К.Мамбеталиев атындагы орто мектебинин имараты |
Чек аралары: Ат-Башы айылынын М.Казиев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки А.Сулайманов көчөсʏнʏн кʏн чыгыш тарабы, С.Абыкеев көчөсʏнөн М.Өмʏракунов көчөсʏнө чейинки Т.Өмʏрзаков көчөсʏнʏн кʏн батыш тарабы, Т.Өмʏрзаков көчөсʏнөн А.Сулайманов көчөсʏнө чейинки М.Өмʏракунов көчөсʏнʏн тʏндʏк тарабынан тоонун тʏбʏнө чейинки жайгашкан ʏйлөр жана Чар, Сары-Гоо калк отурукташкан аймактары толук кирет.
Ак-Өргөө конушу
Улан, Улан-2 конуштары
|
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адиси-юрист Д. Курманбек уулу