Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-5
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндөгү айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айылда жашаган жетим, жарым жетим, ошондой эле мигранттардын балдары жана балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктун, өспүрүмдөр арасындагы суициддин алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндөгү Айыл өкмөттүн социалдык жактан коргоо жана социалдык маданий маселелер боюнча жетектөөчү адиси К.Казиеванын берген маалыматы эске алынсын.
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 28