Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-4
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Айыл өкмөтүнө караштуу мектептердин, бала-бакчалардын, айыл тургундарынын кышка карата даярдыктары жөнүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун билдирүүсү эске алынсын.
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 27