Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы “Көрктүү аймак” муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги IV сессиясынын
ТОКТОМУ № 4-2
Ат-Башы айылы 26-декабрь 2019-жыл
«Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын директору Д.Сулаймановдун берген маалыматынын негизинде Ат-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрү менен төмөндөгүдөй бекитилсин:
Киреше бөлүгү:
- Чарбалык кызмат көрөсөтүүдөн түшкөн киреше 1 000 000 (бир миллион) сом.
- Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган 2 400 000 ( эки миллион төрт жүз) сом.
Баардыгы : 3 400 000 (үч миллион төрт жүз) сом.
Чыгаша бөлүгү:
- Эмгек акы,соц фонд 1 886 842,3 ( бир миллион сегиз жүз сексен алты мин сегиз жүз кырк эки) сом 30 тыйын;
- Запасттык тетиктер жана күйүүчү май 485 138 (төрт жүз сексен беш миң бир жүз отуз сегиз) сом.
- Чарбалык жана канцелярдык товарлар 28 020 (жыйырма сегиз миң жыйырма) сом
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы «Көрктүү аймак» муниципалдык ишканасынын 2020-жылга карата бекитилген бюджетинин өз убагында аткарылышын камсыз кылуу жагы ишкананын башкы бухгалтери К. Асанакун уулуна милдеттендирилсин.
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 25