Ат-Башы айыл өкмөтүндө райондук семинар өткөрүлдү
2019-жылдын 12-декабрында Ат-Башы райондук администрациясы тарабынан жыл башында кабыл алынган иш чаралар планынын негизинде Ат-Башы айыл өкмөтүндө “Расмий сайт менен иш жүргүзүү жана сайттын маалыматтар менен толукталышын көзөмөлдөө” темасындагы райондук тажрыйба алмашуу семинары өткөрүлдү.
Семинардын максаты- айыл өкмөттөр арасында тажрыйба алмашуу жана расмий сайт менен иш алып барууну жакшыртуу.
Семинарга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдүн башчылары менен жооптуу катчылары жана тиешелүү кызматкерлери катышышты.