Сары-Гоо чөлкөмүнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту
Сары-Гоо чөлкөмүнүн тургундары таза суу менен камсыз болушту.
2011-2012-жылдары Айылдарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги - АРИС уюму аркылуу курулган суу агуучу системасы сапатсыз курулгандыктан, суу убактылуу токтоп калган. Бүгүнкү күндө жайыт комитети жана айыл өкмөтү тарабынан 375 метр жердин суу түтүктөрү желим (пластик) түтүктөргө алмаштырылып, суу агуучу система ишке кирди жана Сары -Гоо чөлкөмүнүн эли таза суу менен камсыз болушту.