Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражаттарынын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги III сессиясынын
ТОКТОМУ № 3-4
Ат-Башы айылы 09-сентябрь 2019-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон
акча каражаттарынын пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсебиндеги 2019-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы менен үнөм болгон 280 700 сом ( эки жүз сексен миң жети жүз) сом акча каражатынын пайдалануу багытын аныктоо боюнча Ат-Башы айылдык кеңешинин бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековдун, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунуштарынын негизинде Ат-Башы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл өкмөтүнүн эсебиндеги үнөм болгон 280700сом акча-каражаты төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:
- Карьерге уруксат алуу 11 000 сом;
- Экологияга 50 000 сом;
- Көрктүү аймак муниципалдык ишканасын кошумча каржылоо - 50 000 сом
- Светофорго керектүү материалдар 55 000 сом;
- Адвокат кызматына 50 000 сом;
- Интернет коштуруу 30 000 сом;
- Босого жайлоосунда мал тосууга 15 000 сом:
- Трансформатор коштурууга уруксат алуу 19 700 сом,
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Ат-Башы айылдык кеңешинин
депутаттарынын төрагасынын
орун басары К.Асанбаева
Каттоо № 22