Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун 2019-жылдын 20-майындагы сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ №2-9
Ат-Башы айылы 23-май 2019-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун
2019-жылдын 20-майындагы сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун 2019-жылдын 20-майындагы сунушунун негизинде Ат-Башы айылынын Б.Шамеев атындагы көчөсү менен М.Өмүракунов атындагы көчөсүнүн кесилишине чейинки жол бөлүгүндө, унаа тыгындары көп болуп жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаралып, Ат-Башы райондук ооруканасынын тез жардам автоунаасы ооруканага кирип, чыгуусуна тоскоолдуктар болгондуктан Б.Шамеев атындагы көчөсү менен С.Абыкеев көчөсүнүн кесилишинен баштап Б.Шамеев атындагы көчөсү менен М.Өмүракунов атындагы көчөсүнүн кесилишине чейин унаа каражаттарынын кыймылын түндүктөн түштүктү көздөй бир багыттуу кылуу менен тиешелүү жол белгилерин орнотуу боюнча сунушунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айылындагы Б.Шамеев атындагы көчөсү менен М.Өмүракунов атындагы көчөсүнүн кесилишине чейинки жол бөлүгүндө, унаа тыгындары көп болуп жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаралып, Ат-Башы райондук ооруканасынын тез жардам автоунаасы ооруканага кирип, чыгуусуна тоскоолдуктар болгондуктан Б.Шамеев атындагы көчөсү менен С.Абыкеев көчөсүнүн кесилишинен баштап Б.Шамеев атындагы көчөсү менен М.Өмүракунов атындагы көчөсүнүн кесилишине чейин унаа каражаттарынын кыймылын түндүктөн түштүктү көздөй бир багыттуу кылуу менен тиешелүү жол белгилери орнотулсун.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын .
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 18