Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Т.Жусубалиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ №2-8
Ат-Башы айылы 23-май 2019-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы
Т.Жусубалиевдин сунушу жөнүндө
2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилген 70 111 жана 70 911бөлүктөрүндөгү чыгымдардын статьяларын которуу жөнүндөгү сунушунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилген 70 111 бөлүгүндөгү айыл өкмөттүн имаратынын кезектеги ремонтуна каралган 321 200 (үч жүз жыйырма бир миң эки жүз )сом акча каражаты, чыгымдоо статьясы 2221ден 3111чи чыгымдоо статьясына айыл өкмөттүн имаратын капиталдык ремонттоо үчүн которулуп берилсин.
- 2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилген 70 911 бөлүгүндөгү «Асылзат Зирек» бала бакчасына терезе алмаштырууга каралган 45 000 (кырк беш миң) сом акча каражаты 3111чи чыгымдоо статьясынан 3112 чи чыгымдоо статьясына мебель алуу үчүн өздүк салымга которулуп берилсин.
- 2019-жылга карата Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинде бекитилген 70 911чи бөлүгүндөгү А.Курманалиев атындагы бала бакчасына терезе алмаштыруу үчүн өздүк салым катары каралган 312 000(үч жүз он эки миң) сом акча каражаты , терезе алмаштыруу үчүн пайдаланылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн ФЭБ нүн башчысы Т.Жусубалиевге тапшырылсын .
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 17