Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис юристи Курманбек уулу Досумбектин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ №2-7
Ат-Башы айылы 23-май 2019-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башкы адис юристи
Курманбек уулу Досумбектин сунушу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» № 37 Мыйзамынын 11-бөлүмүнө ылайык Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн пайдалануусунда турган Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин балансындагы муниципалдык менчиктеги имарат жана имаратка тиешелүү жер аянты муниципалдык менчиктен ажыратылып, мамлекеттик менчикке өткөзүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү сунушунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» № 37 Мыйзамынын 11-бөлүмүнө ылайык Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн пайдалануусунда турган Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин балансындагы муниципалдык менчиктеги имарат жана имаратка тиешелүү жер аянты муниципалдык менчиктен ажыратылып, мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
- Райондук билим берүү бөлүмүнө берилген имаратты жана имаратка тиешелүү жер аянтын Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жер аянтынан бөлдүрүүдөгү мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө кеткен чыгымдар Ат-Башы айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен каржылансын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын .
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 16