Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
кезектеги II сессиясынын
ТОКТОМУ №2-5
Ат-Башы айылы 23-май 2019-жыл
Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы
Ж.Кожобердиевдин сунушу жөнүндө
Ат-Башы айылында мал чарбасын өнүктүрүүгө Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы боюнча 2018-жылы Вет пункту куруудан жана МТЗ-92 эксковаторун алгандан кийин проектиден ашып калган 120 464сом акча каражатын 2019-жылга максаттуу пайдалануу жөнүндөгү Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевдин сунушунунун негизинде, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин программасы боюнча 2018-жылы Вет пункту куруудан жана МТЗ-92 эксковаторун алгандан кийин проектиден ашып калган 120 464(бир жүз жыйырма миң төрт жүз алтымыш төрт )сом акча каражаты 2019-жылга карата төмөндөгүдөй багыттарга пайдаланууга бөлүштүрүлсүн:.
- Уйларды жасалма жолу менен уруктандыруучу шаймандырды (азот сактоочу каражат, пипетка, катетр, термостат) алуу үчүн 90 464 (токсон миң төрт жүз алтымыш төрт ) сом;
- Ат-Башы айылындагы « Көрктүү аймак» ишканасынын имаратында жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине бөлүнүп берилген иш бөлмөлөрүнүн ремонт иштерин жүргүзүү үчүн 30 000(отуз миң )сом;
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы Ж.Кожобердиевге милдеттендирилсин.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасынын
орун басары
К.Асанбаева
Каттоо № 14