Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт өнөр-жай, соода сатык, энегетика,турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 10-июлундагы №4-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын
кезектеги I сессиясынын
ТОКТОМУ № 1-6
Ат-Башы айылы 29-январь 2019-жыл
Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт өнөр-жай, соода сатык, энергетика,турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 10-июлундагы №4-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ат-Башы айылдык кеңешинин курулуш, транспорт өнөр-жай, соода сатык, энергетика,турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын 2013-жылдын 10-июлундагы №4-1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер турак жай коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси У.Акматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы № 571 токтому менен бекитилген жобонун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2013-жылдын 10-июлундагы №4-1 токтомундагы жеңил курулуштагы жана көчмө соода-түйүндөрүн Ат-Башы айылынын көчөлөрүнө жайгаштыруу боюнча жарыялаган мараторий алынып салынсын.
- Муниципалдык менчиктеги жерлерге орнотулган,жеңил курулуштагы, көчмө соода түйүндөрү менен келишим түзүлүп, ижара акылары аныкталсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жер турак жай коммуналдык маселелер боюнча башкы адиси У.Акматовго милдеттендирилсин;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин депутаттарынын төрагасы Т. Ыдырысов
Каттоо № 6